Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Сирияда жүрүп келген киши соттолду

Кылмыш
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
526
Алимджанов Илхамжан Исмаилджанович «Ислам» динине терең ишенген киши катары Сирияда террористик аракеттерге катышууну көздөп, «Катибати имам – Аль Бухари» эл аралык террористик диний уюмдун идеяларын колдоп, 2016-жылдын 16-февралында Россия Федерациясынын Астрахань шаарынан Туркия  Республикасына, ал жактан Сирия мамлекетинин  аймагына өтүп,  Лирамон, Идлиб, Кафар Хамра жана Урум шаарларында, «Катибати имам – Аль Бухари» эл аралык террористтик диний уюмунда диверсиялык-террорчулук кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган атайын даярдыктан өтүп, согуш куралдарынын ар кандай түрлөрүн жана атайын согуштук аракеттерди үйрөнгөн. И.Алимджанов Сирия мамлекетинин өкмөттүк күчтөрүнө каршы турган эл аралык террористик  уюмдан жашоочу жай, тамак-аш, атайын  аскердик кийим кече, ок дары, ок атуучу куралдар жана башка материалдык  жабдыктар менен камсыз кылынган.
Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 30-сентябрындагы өкүмү менен Алимджанов Илхамжан Исмаилджанович 1983-жылы  Жалал-Абад шаарында туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, үч баласы бар, убактылуу иштебеген, мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 375-ст. 2-б. (Жалданмачынын куралдуу кагылышка же согуш аракеттерине катышуусу) менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.