Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Сагынбаева 26-июнга чейин үй камагында болот

Кылмыш
23 - Май 2019
www.erkintoo.kg
142

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине шектелип  кармалган мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-июнга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда 22-майда Биринчи май райондук соту прокуратуранын Сагынбаеванын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу маселесин карап, аны  канаатандырган.     

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.