Курс НБ на 14.08.2018 $68,9600 €78,4972

Россияда кыргызстандык 2 адам чатакташып, бири экинчисине бычак сайды

Кылмыш
30 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
100
28-январда Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык адам шеригине бычак менен жаракат келтирди. Бул тууралуу «Невские Новости» билдирди.
Маалыматка караганда, жаракат алган адам дагы кыргызстандык болгон. Ал көкүрөгүнө бычактан алган жаракаттан улам ооруканага жеткирилди. 1986-жылы туулган адам спирт ичимдигин ичип отуруп 1983-жылы туулган шериги менен чатакташа кетип, ага бычак сайган. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.