Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Россияда Кыргызстандан ташылып бара жаткан жасалма 6 миң жуп бут кийим кармалды

Кылмыш
01 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
181
Россиянын Самара шаарында Кыргызстандан спорттук бут кийим ташып бара жаткан 2 фура кармалган. 

Бажычылардын унааны текшерүүсү учурунда алардан 6 миң жуп бут кийин (кыз-келиндердики жана мырзалардыкы) табылды. Аларга Nike, Fila, Ugg, Adidas, Under Armor бренддеринин белгиси коюлган. Мындан тышкары 1,8 респиратор, Samsung, Apple, Xiaomi үлгүсүндөгү телефондордун 4 миң даана каптамасы табылды. Бардык товарларда жасалмалуулуктун (контрафакт) белгилери болгон. Бул кийимдердин көпчүлүгүндө Nike белгиси коюлган. Nike брендинин өкүлдөрү алынган 4 миң 882 жуп бут кийим оригинал эместигин билдиришти. Nike фирмасына келтирилген чыгым 40 млн 286,3 мң рублга жетет.
Булак: Турмуш

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.