Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Россияда кыргыз аялынын акчасы уурдалды

Кылмыш
16 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
574
Москвада базарда иштеген кыргызстандык 30 жаштагы аялдын 24 миллион рубль акчасын уурдап кетишти. Life.ruнун маалыматына караганда,  ал ири суммадагы рублди долларга өткөрүү максатында акча алмаштыруучу жайга алып келгенде уурдаткан. Кассир анын акчасын алып, качып кеткени айтылууда. Акча алмаштыруучу жай Бахрушин көчөсүндө жайгашкан. Жабырлануучу ал жерге келерден мурда телефон аркылуу кассирге канча сумма алып барарын айткан.
Учурда полиция кызматы  окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Алданган кыргызстандык аял базарда мөмө-жемиш сатып иштеген.
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.