Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

“Пил сөөгүнүн ханышасы” контрабанда үчүн 15 жылга соттолду

Кылмыш
21 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
178
Танзаниянын соту $6,5 миллион суммасында пил сөөгүн контрабандалоого айыпталган кытайлык 70 жаштагы Янг Фенг Глан аттуу улгайган аялды 15 жылга соттоду. “Пил сөөгүнүн ханышасы” аталган бул аялдын эки шериги да 15 жылга эрктеринен ажыратылды.
Янг Фенг Глан жалпы салмагы 1,9 тонна пил сөөгүн сатууну уюштургандыгы үчүн 2015-жылы камакка алынган. Ал Танзанияга 1975-жылы келип, кытайлык темир жол компаниясында котормочу болуп иштеген. 1998-жылы Дар-эс-Саламда кымбат ресторан ачкан.
Бүткүл дүйнөлүк жаратылыш фондунун маалыматы боюнча акыркы он жылда Танзанияда 110 миң пил өлтүрүлгөн. Учурда өлкө аймагында 415 миңдей гана пилдер калды. Кытайда, Вьетнам жана Таиландда пил сөөгүнөн азем буюмдарды жана сувенирлерди жасашат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.