Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

Парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаков жети жылга камалды

Кылмыш
15 - Май 2019
www.erkintoo.kg
20
Мындай чечимди кечээ Жалал-Абад облустук соту  чыгарган. Сот парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду жети жылга камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгаргандыгын укук коргоочу Анарбай Орозов билдирди.  Эске салсак, Башкы прокуратура 2017-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу