Курс НБ на 24.08.2019 $69,7882 €77,2311

Паракорчулук китеп чыгарууда да болгон

Кылмыш
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
152
Жаңы окуу китептерди иштеп чыгууда 32 млн сомдон ашык каражат мыйзамсыз колдонулгандыгы аныкталганын Башкы прокуратурада билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында, министрликтин, Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишкер ашыруу бөлүмүнүн, Билим берүү академиясынын тиешелүү кызматкерлеринин, эксперттик топтун мүчөлөрүнүн жана ишкананын техникалык комиссиясынын жана жетекчилеринин жасаган иши Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу” жана “алдамчылык” беренелерине шайкеш келери аныкталган. Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилди. Жаңы окуу китептерди иштеп чыгууда 32 млн сомдон ашык каражат мыйзамсыз колдонулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Сөз 5-класстын “Табият таануу” жана 6-класстын “География” китебин чыгаруу иши боюнча болууда. Билим берүү академиясынын окумушуулар кеңеши жана министрликтин сынактык-техникалык комиссиясы сунушталган бардык китептердин басылышына уруксат берген. Анда 2012-жылы чыгарылган, колдонууда жүргөн китептин көчүрмөсү кайра чыгарылган.  Жыйынтыгында, 2018-жылы сапатсыз жана талапка жооп бербеген китептер басылып чыккан,-делет маалыматта. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.