Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Ошто ууру кыз көп узабады

Кылмыш
02 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
159
Ош шаардык кайгуул милициясынын кызматкерлери алтын буюмдарды уурдаган кызды колго түшүрүштү.
ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардагы батирлердин биринен аялдардын 40 миң сомдук алтын жасалгалары уурдалган. Уурулук батирдин эшиги ачык калган убакта болгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Араван районунун 1992-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынган. Учурда анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралууда. Анын башка кылмышка тиешеси териштирилип жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.