Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Ошто сойкукана уюштурууга шектелип сауна администраторлору кармалды

Кылмыш
23 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
77
Ош шаарында сойкулар үчүн көмүскө жайларды уюштурган деген шек менен эки саунанын администраторлору кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирген.
20-21-октябрь күндөрү милиция кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде сауналарды текшерип, ошол жерде сойкукана уюштурууга шектелип эки киши кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган факты боюнча 261-берененин (сойкулук үчүн көмүскө жайларды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.




 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу