Курс НБ на 18.10.2018 $69,3190 €79,8451

Ошто кызганычтын айынан аялын сабап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Кылмыш
11 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
152

Маалыматка ылайык, 41 жаштагы аялдын киши колдуу болуп каза тапканы тууралуу билдирүү 9-январь күнү болгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, келин алган соккудан көз жумганы аныкталган.

"Маркумдун төрт кабыргасы сынып, баш сөөгү жарылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында 9-январда кылмышка шектелип аялдын акыркы убакта жарандык никеде жашаган 41 жаштагы күйөөсү кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

 

Шектүү өз көрсөтмөсүндө 7-январь күнү келинди кызганычтан улам катуу сабап үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып берген. Окуя болгон маалда экөө тең мас болгон.

 

Учурда аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.