Курс НБ на 24.05.2018 $68,3080 €80,1902

Ошто апасы депкир менен сабаган 3 жаштагы бала комага түштү

Кылмыш
05 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
93

Өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бул тууралуу Спутник агенттигине Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирген.

Анын айтымында, 24 жаштагы эне өз баласын комага түшүп калгыча сабаган.

"Учурда баланын абалы ѳтѳ оор. Ички органдары жабыркап, денеси кѳгала. Баш мээсине кан куюлуп кеткен. Ооруканага энеси өзү алып келген. Ур-токмокко алганын жашыруу үчүн "тепкичтен жыгылып кетти" деп маалымат берген", — деди Сыдыков.

Ал ошондой ага карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады. Камакка алынган эне ажырашып кеткендиктен баласын жалгыз тарбиялап келген.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.