Курс НБ на 21.02.2018 $68,1121 €83,8835

Ошто 2,5 жаштагы баласын катуу сабаган шектүү келин камакка алынды

Кылмыш
07 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
26
Ош ШИИБдин кызматкерлери өзүнүн баласын катуу сабаган аялды убактылуу камакка алып, тергөө иштерин улантып жатышат. Шектүүгө карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы туруктуу оор. Жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.

Шектүү келин көрсөтмөсүндө: «Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз», - деди.
Ош облустук балдар ооруканасынан реаниматолог дарыгери Ташибай Алиев бүгүн, 5-февралда билдирген маалымат боюнча, баланын денесинде мурда да сабалган тактар бар.
«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Бала дары-дармектен кийин шок абалдан чыкты, бирок азыр абалы оор. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат.
Баланы тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен. Тамакты шланг аркылуу берип жатабыз жана дары-дармектер жетиштүү. Мындай зомбулукту биринчи жолу көрүп жатам», - деди Т.Алиев.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу