Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Орусияда мекендештерине 200дөн ашык жасалма авиабилет саткан аял кармалды

Кылмыш
30 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
570
Орусияда мекендештерине 200дөн ашык жасалма авиабилет саткан аял кармалды. Бул тууралуу  28-декабрда маалым болду. Кечээ, 27-декабрь күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 40тан ашык кыргыз жараны кайрылган. Алар 26-27-декабрь күндөрү "Домодедово" аэропортунан Кыргыз Республикасына кете албай калышканын айтышкан. Буга сатып алышкан авиабилеттеринин жасалма экендиги себеп болгон. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Алтынай аттуу аял кармалган. Андан 26-27-28-29-30-31-декабрга болжол менен 200дөн ашык адам Москва-Ош, Москва-Бишкек каттамына билет сатып алган. "Учурда ошол сатып алгандардын көбү билет жасалма экенин билишпейт. Аэропортко баргандан кийин билип жатышат. Сүрөттөгү аялдан ким билет сатып алса, ал жасалма. Алдоо фактысы боюнча арыз менен кайрылыңыздар. Шектүү полиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Быйыл Большая Ордынка, №63 дарегинде авиабилет сатуу боюнча бир нече алдамчылык фактысы катталды. Ал жерде билет саткан 16 бөлмө бар. Ошолордун канчоосу мыйзамдуу же мыйзамсыз экени белгисиз. Укук коргоо органдарына атайын кат менен кайрылып, канчалык деңгээлде мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин чогуу текшериле тургандыгы маалым болду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.