Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Орус бандити Америкадан өз мекенине кайткысы келет

Кылмыш
29 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
141
Нью-Йорктогу эң белгилүү орус мафиозу, 70 жаштагы Борис Найфельд өткөн жылы түрмөдөн чыккан. “Биба” деген каймана аты бар мафиоз Associated Press агенттигине берген маегинде өз мекенине кайтууну каалап жаткандыгын билдирген. Бирок, анын шарттуу мөөнөтү бүтпөгөндүктөн азырынча АКШдан сырткары кете албайт. “Мен баарынан куру жалак калдым – убактымдан, аялымдан, жумушумдан айрылдым. Эми эч нерсе кыла албайм. Жок дегенде жаңы жашоо баштаганга мүмкүнчүлүк бергилечи”, - дейт Борис Найфельд. Ал 1970-жылдардын аягында АКШга көчүп барып, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан.

Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.