Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

Окуучунун өлүмүнө шектелип дагы 3 бала кармалды

Кылмыш
18 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
95
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан жансыз денеси табылган мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелген дагы 3 бала 2 айга камакка алынды. Маалыматка караганда, 14-февралда чыккан соттун чечими менен 18 жаштагы С.Д., Ж.С. жана 19 жаштагы Н.Т. эки айга камакка алынган. Буга чейин, Каракол шаардык соту 17 жаштагы үч окуучуну 2 айга, ал эми 16 жаштагы экөөнү 1 айга камакка алган. Шектелип кармалган 8 окуучу каза болгон бала менен жакшы мамиледе болбогонун айтышкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу