Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Нью-Йоркто террорчу автоунаа менен бир нече кишини тебелеп кетти

Кылмыш
02 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
36

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кетти. Бул кол салуунун айынан алты киши дароо набыт болуп, эки киши кийинчерээк ооруканада көз жумду жана кеминде 11дей киши жаракат алып, полиция кол салган айдоочуну курсагына атып, колго түшүргөн.

Кол салууга шектүү жаран 29 жаштагы Сайфулло Саипов экени аныкталып, ал бир нече жыл мурун Өзбекстандан АКШга келгени кабарланууда. Буга чейин Флорида жана Нью-Жерси штаттарында жашаган.

Окуя Хеллоун майрамынын урматына оюн-зоок болот деп жаткан жайга чукул жерде болгон. Окуянын күбөлөрү атылган октордун доошун жана «Алла – баарынан улук» ("Алла акбар!") деп арапча кыйкырган үндү угушкан. Ал жерде мектеп окуучуларын ташыган автобус да турган.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн “Твиттердеги” баракчасында Нью-Йорктогу террордук чабуулду терең айыптады: “Нью-Йорк шаарында бир оорулуу жана акылынан азган киши дагы бир чабуул жасаган сыяктанат. Мыйзамдуулукту камсыздоо күчтөрү бул окуяны кылдат иликтөөдө. Мындайга АКШда жол жок!”.

АКШнын Федералдык тергөө мекемеси иликтөө баштады.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу