Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Нарындан наркозат кармалды

Кылмыш
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
510
2016-жылдын 26-октябрь күнү саат 10.00 чамасында Жумгал районунун Өрнөк айылынан Жумгал РИИБнүн кызматкерлери тарабынан Субару-Форестер үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, текшерүү жана автоунаага кароо жүргүзүү учурунда сол алдынкы орундугунун алдынан өнү ак түстөгү полиэтилен пакетине салынган 147 даана өнү кочкул-күрөн түстөгү өзгөчө спецификалык жыты бар 2515 (эки мин беш жүз он беш) грамм өлчөмүндөгү заттар табылган.
Унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын тургуну 1990-ж.т., У.М. жүргүнчү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ичке-Суу айылынын тургундары 1984-ж.т. С.Э., 1979-ж.т. Р.М. жана Бишкек шаарынын тургуну 1981-ж.т Н.М.ды салып келе жаткан.
-Бул учур боюнча алгачкы текшерүү учурунда С.Э, Р.М. менен У.М.,Н.М. ортосунда наркотикалык заттын сатуу-сатып алуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүлүп, Жумгал районунун Өрнөк айылынан жолугушуп, С.Э жана Р.М.аттуу адамдардан У.М. жана Н.М. аттуу адамдар ар бир даанасын 600 сомдон 147 даана наркотикалык затын 88200 сомго баалашып, 38000 сом акча берип алышканы аныкталган жана С.Э  өздүгүнөн 13000 сом акча каражаты алынган, ал эми 25000 сом акча каражаттарын Р.М. кармалган учурда Жумгал районунун Көкөмерен суусуна ыргытып жиберген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 247-ст.2-б.1-п., 3-б. 4-п. менен кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын жаза-процессуалдык Кодексинин 94-ст. негизинде шектүү катары С.Э., Р.М, У.М., Н.М. Жумгал РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына кармалышып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө,-деп билдирди Нарын ОИИБ басма сөз кызматы.
Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.