Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Мыйзамды бузган балыкчылар айып пул төлөшөт

Кылмыш
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
425
Мамэкотехинспекциянын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан Көк-Серек айылындагы «Көк-Ала» көлүндө оперативдик рейд учурунда 152 даана маринка балыгын мыйзамсыз кармаган жарандар кармалды. Мыйзамсыз өз алдынча балык уулап жүргөндөр Достук айылынын тургундары экени аныкталды. Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү тарабынан жеринде протокол, актылар толтурулуп 76760 сом доо айып коюлду. Учурда мыйзамсыз балык кармаган жарандарга тиешелүү буюм, заттар далил каттары сотко жиберилди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.