Курс НБ на 16.08.2018 $69,4905 €78,7084

Мугалимди сүзгөн милиция кызматкери эки айга камалды

Кылмыш
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
115
Аксыда эки мугалимди сүзүп кеткен милиция кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнен билдиришти. 10-февраль күнү Кербен шаарында милиция кызматкери төрт кишини сүзүп кеткен. Анын экөө кырсык болгон жерде мерт болду. Мерт болгондор мектептин 30 жаштагы мугалимдери болушкан. Калган экөө райондук ооруканага жеткирилди. Бирөөнүн абалы оор экендиги айтылууда. Бул боюнча  укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүү жүрүп жатканын кабарлашты.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.