Курс НБ на 22.10.2018 $69,3251 €79,3703

Мугалимдердин авто кырсыктагы өлүмү боюнча сот өкүм чыгарды

Кылмыш
08 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
65
Эске салсак, 10-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда милиция кызматкери 4 мугалимди сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки мугалим каза болуп, дагы 2 мугалим жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилип, бирине операция жасалган. Мына ушул жол кырсыгы боюнча сот чечим чыгарды. Бул боюнча Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта Аксы райондук соту 29-майындагы өкүмү менен айыпталуучу С.М.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.  Ал жазасын жатак абакта өтөөсү белгиленген. Айыпталуучу С.М.Ж. жабырлануучулар И.А. жана С.Г.нын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн пайдасына 100 миң сом материалдык жана 50 миң сом моралдык зыян төлөөсү милдеттендирилген,- делет.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.