Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Өмүрбек Текебаев түзөтүү абагына которулду

Кылмыш
20 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
49
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу 19-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Ал эми экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына бүгүн эртең менен которулган. Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Мындан кийин соттолуучулар 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан №1-СИЗОго которулушкан. Ал эми алардын жактоочулары бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко даттануу арызын берүүгө даярданып жатышканын билдирип келет.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу