Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Москвада кыргызстандык таксист полицияны унаанын капотунда сүйрөп кетти

Кылмыш
20 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
44

Бул тууралуу ИИМге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Кайгуул полициясынын кызматкери таксисттин документтерин текшерүүнү чечкен. Айдоочу анын талабына макул болбой, Honda үлгүсүндөгү унаасына кирип, эшигин бекитип отуруп алган.

"Машинанын кетип калуусуна тоскоолдук жаратыш үчүн полициянын старшинасы унаанын алдына туруп алган. Айдоочу болбой эле унааны айдаганда капотко жыгылып калган полиция кызматкери бир нече метр сүйрөлүп барды. Мындан кийин башка таксист мыйзам бузуучуну кармоого тоскоолдук кылган. Жыйынтыгында эки таксист тең окуя болгон жерден унааларын айдай качышкан",-деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, шектелүүчүлөр Кыргызстандан экени белгилүү болду. Алардын унаалары табылып, өздөрү изделүүдө.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу