Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Москвада кармалган экстремисттик уюмда кыргыз жарандары бар

Кылмыш
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
540
Кыргызстандын алты, Россиянын бир жараны Москванын аймагында "Таблиги Жамаат" экстремисттик тобунун иштери менен кармалды. Мындай маалыматты РИА Новости күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактары кабарлагандыгын жазып чыкты.  ФСБ менен ИИМ Росгвардиянын жардамы менен бейшемби күнү кечинде  Москвадан  "Таблиги Жамаат" экстремисттик тобунун жети мүчөсүн кармаган. Маалыматтарга караганда, топко чет  элдик эмиссарлар жетекчилик кылып турган. Кармалгандар  тыюу салынган диний адабияттарды окуп, Россияда халифат түзүү пландарын талкуулап келишкен.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.