Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

​Милициядан кордук көргөн жаранга мамлекет компенсация төлөйт.

Кылмыш
17 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
73

Мындай чечимди кечээ, 16-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Эске салсак, Турдубек Акматов уурулукка шектүү делип, 2005-жылдын 3-майында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылдык милиция бөлүмүнө чакырылып, суракка алынган. Алты милиция кызматкери аны он саат суракка алып, моюнга албай койгону үчүн сабаган. Акматов ошол күнү кечинде үйүнө чыгып, атасына алты милиционер сабаганын айтып берген. Ал оозу-мурдунан кан кетип, каза болгон.  Акматовдун атасы уулунун өлүмүнөн кийин прокуратурага кайрылган. Сөөктү иликтөөдө ал башына, көкүрөгүнө жана ички органдарына сокку жегени аныкталган. Өзгөн райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон.
Кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясынын маалыматына караганда, маркумдун кыйноодон өлгөнү тууралуу бардык далилдер болгонуна карабай, анын өлүмүн иликтөө 2005-жылдан 2011-жылга чейин создугуп, алты жолу токтотулган. Күнөөлүүлөр кылмыш жообуна тартылган эмес.
Натыйжада, жабыркаган тарап БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арызданган. Комитет Турдубектин кыйноодон өлгөнүн билдирип, анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшү керек деген чечим чыгарган. Маркумдун атасы компенсация өндүрүү талабы менен арыз жазган. Анын арызын Биринчи май райондук соту карап канааттандырды. (ЖК)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу