Курс НБ на 18.11.2018 $69,8400 €79,2474

Милиция Маевкада автоунааларды өрттөөгө шектелген кишини кармады

Кылмыш
20 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
215

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Буга чейин милиция аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп ИИМден билдиришти.

Маевка айылында 17-октябрга караган түнү үйлөрдүн биринде турган Fiat үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Ошондой эле Subaru менен Toyota автолорун өрттөө аракети болгон. Мындан тышкары, кылмышкер дагы бир үйгө өрт койгусу келген. Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин айылдагы чач тарач менен времянканы өрттөө аракеттери болгон.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.