Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Метанол сага таза спирт эмес

Кылмыш
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
1343
Орусиянын Иркутск шаарында “Боярышник” (Четин) тундурмасы менен ууланып каза тапкандардын саны 74 адамга жетти.
Эксперттер мындай массалык өлүмгө тундурманын курамындагы метанол (метил спирти) себеп болгондугун айтышууда.
 
 
Эске салсак, Иркутск шаарынын Ново-Ленино кичирайонунда 17-декабрда суррогаттык алкоголдон уулануу катталган. Ооруканага түшкөндөрдүн айтымында, алар ваннага пайдаланылуучу парфюмериялык-косметикалык каражат деп эсептелген “Боярышник” тундурмасын ичишкен. Анын кутусунда тундурманын курамында этил спирти бар деп жазылган экен – ал метил спитри болуп чыккан.
Метанол деген эмне? Баарыбыз угуп жүргөн метанол жөнөкөй бир атомдуу спирт (метил спирти, жыгач спирти, карбинол, метилгидрат, медил гидрооксиди деген аталыштары бар).
Метанол 1661-жылдан бери белгилүү. Орусияда “Метафракс” компаниясы тарабынан чыгарылат. Органикалык химияда эритме катары формальдегид, формалин, уксус кислотасы жана башка эфирлерди, сыр боёкторун жана лактарды чыгарууга колдонулат. Мындан тышкары, жарышка түшүүчү автоунаалардын бензинине кошулма катары, ал эми көптөгөн өлкөлөрдө парфюмерия өндүрүшүндө этил спиртин денатурлоо максатында колдонушат. Ал эми Орусияда эл керектөөчү товарларды чыгарууда пайдаланууга тыюу салынган.
Метанол – өтө коркунучтуу уу зат. 10 мл метанол менен ууланган адамдын көзү сокур болуп калат. 80-150 мл метанол организмге кириши өлүмгө алып келет. Эң жеңил ууланууда баш ооруйт, адам алсырап, кусат. Метанолдун өзгөчө коркунучтуулугу – анын жыты жана даамы жагынан этил спиртинен эч айрымаланбаганында.
Метанол менен ууланууда анын антидоду катары этанол колдонулат.
Метанол менен уулануу 1980-жылы Оренбург шаарында, 2001-жылдын 9-10-сентябрында Эстониянын Пярну шаарында да орун алган. 2011-жылы май айында Түркияда орусиялык 6 турист метанолдон ууланып өлүшкөн. 2012-жылы Чехияда метанолдон 27 адам, Польшада 4 адам өлгөн. 2013-жылы Латвияда 99%түү метанол ичкен 8 адам, 2014-жылы Орусиянын Забайкал крайындагы Красный Великан кыштагында 14 адам, 2015-жылдын 22-25-ноябрда Красноярскиде 11 адам өлгөн.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.