Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Мейманканада бычакташкандардын абалы туруктуу

Кылмыш
14 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
119
Жалал-Абаддын Сузак районундагы мейманканалардын биринде 7-февралда бычакташа кетип, оор абалда ооруканага жаткырылган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Сузак райондук аймактык ооруканасы билдирди.
«Денесинин бир топ жерлери кесилген 21 жаштагы келин бир жума жандандыруу бөлүмүндө жатып, 13-февралда палатага чыгарылган. Ал эми колу жана мойну кесилген 36 жаштагы эркек киши сынык-жарат бөлүмүнүн атайын палатасында дарыланып жатат. Экөөнүн тең абалы туруктуу», деп айтылат маалыматты. Мейманканадагы бычакташууну милиция териштирүүдө. Баштапкы маалыматтарга караганда жабыркаган келин сөз болуп жаткан киши менен жарандык никеде жашайт жана ортодо баласы бар.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.