Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Марс Бөдөшевдин апелляциялык арызы каралат

Кылмыш
12 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
83
Бишкек шаардык соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшевдин апелляциялык арызын карайт. Бул тууралуу  айыпталуучунун апасы Гүлипа Бөдөшева билдирди.  Соттук териштирүүдө күбө катары Бурулайдын бирге окуган курбу кызы суралышы күтүлүүдө. Эске салсак,  12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Бирок, айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу