Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Максим Бакиевдин иши териштирилет

Кылмыш
08 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
49
Башкы прокуратура качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Улуу Британиядагы мүлкү боюнча маселени териштире баштайт. Бул тапшырма Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан коюлду. Эске салсак, чет элдик уюм Максим Бакиев 5 миллион долларга сатылып алынган үйдө жашаарын, бул каражат Кыргызстандан чыгарылып кеткен акча болушу мүмкүндүгүн айтып келет.  Бул жылдын 1-январынан тарта Улуу Британияда шектүү кыймылсыз мүлктү же күмөн жараткан байлыкты иликтөөгө жардам берген жаңы мыйзам иштей баштаган. Бул мыйзамга ылайык иштин мыйзамдуулугу далилденбесе, ал Британ мамлекетинин менчигине өтөт.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу