Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Өлгөн адамдын аты менен паспорт жасашкан

Кылмыш
05 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
93

Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери өлгөн адамдын аты менен паспорт жасаганы аныкталды. Мындай маалыматты  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматка караганда,  1990-жылы туулган К.у.Т аттуу каза болуп калгандардын тизмесинде катталган жарандын мамлекеттик чек бир нече жолу өткөндүгү аныкталган.  Акыркы жолу, 2018-жылдын 31-декабрында “Чалдовар-Автожол” өткөрмө бекетинен өлгөн адамдын паспортун пайдаланып  өтүүгө аракет кылган  А.И. аттуу жаран чек арачылар тарабынан кармалган. Ал аталган  паспортту 2015-жылдан бери колдонуп келгенин мойнуна алган.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу