Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Кызга 11 жолу бычак урган кылмышкер кармалды

Кылмыш
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
419
Кечээ Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында  болжол менен 20-23 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу милицияга кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин кызматкерлери барып, үйлөрдүн биринин жанынан 1997-жылы туулган А. кызы А.нын жансыз денеси табылган. Кызга 11 жолу бычак сайылгандыгы, жүрөк тушка  2 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерден далил буюм катары  бычак да  табылган.
Окуя боюнча 97-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү киши колго түшүрүлгөн. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат,-деп билдирди  Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.