Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Кыздар да тоной башташты

Кылмыш
13 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
597
Бишкекте тоноочулукка шектелген үч кыз кармалганын бүгүн, 13-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 11-декабрь күнү милиция кызматкерлерине 18 жаштагы М.Б. аттуу кыз кайрылган. Анда ал  аны чак түштө белгисиз үч кыз коркутуп, уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы О.С., 20 жаштагы О.А. жана 19 жаштагы Б.Б. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө,- делет  маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.