Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Кыңыр иш кырк жылда билинет

Кылмыш
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
452
Ош шаарында 2014-жылдан бери батирлерди тоноп  жүргөн ууру кармалды. Ал батирлерге түнкүсүн кирип, баалуу буюмдарды уурдаган. Ууруну Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери колго түшүргөн. Мындай маалыматты  Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирет. Ал Кара-Суу районунун Учар айылынын 27 жаштагы тургуну Т.С. аттуу жараны болгон. Ал өзү ала келген ачкычтар менен ачып же терезе аркылуу кирип жүргөн. Ал жашаган үйдү кароо учурунда Ак-Тилек кичи районундагы үч үйгө таандык буюмдар табылган. Шектүү аларды сатып өткөрүүгө үлгүрбөй калган. Кармалган адам мурда да уурулук үчүн соттолгону белгилүү болду.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.