Курс НБ на 13.11.2019 $69,8469 €77,0062

Кытайда адамды сүзүп кеткен айдоочу 19 жылдан кийин кармалды

Кылмыш
17 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
393
Кытайдын Шанхай  полициясы 19 жыл мурда адамды  тебелетип өлтүрүп алган айдоочуну камакка алды. Бул тууралуу  РИА Новости Shanghai Daily басылмасына таянып жазды. Окуя 1997-жылы Шанхайдын райондорунун биринде болгон. Анда оор жүк ташыган автоунаанын айдоочусу велосипед менен келе жаткан аялды сүзүп кеткен. Полиция келгиче айдоочу из жашырып кеткен.  Ал убакыттан бери  тартип сакчылары ал кишини издеп таппай, быйылкы жылдын башында интернет аркылуу гана аны издей башташкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында Аньхой провинциясынын Чэнь Банцин деп аталган аймагында жашап жатканын аныкташкан. Учурда кармалган адам камакта соттун өкүмүн күтүүдө. Маалыматтарга караганда ал 10 жылга чейин соттолушу мүмкүн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.