Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Кымбат автоунааларды алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Кылмыш
24 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
75
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы билдирди. Коррупциялык схемага Мамлекеттик каттоо кызматынын Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин кызматкерлери аралашкан.  “Алар  “Империал-Ньюпорт” (1955-жылы чыгарылган), “Форд-Меркури Кугар ХР7” (1971-жылы чыгарылган), “Линкольн-Континенталь” (1967-жылы чыгарылган), “Додж РАМ3500” (1995-жылы чыгарылган) жана “БМВ 760LI” (2005-жылы чыгарылган) үлгүсүндөгү автоунааларды Кыргызстандын жаранына катташканы аныкталды. “Автоунааларга мамлекеттик номерлер жана техникалык паспорттор берилген. Андан кийин аталган транспорттук каражаттар Орусиянын жаранына катталып, Кыргызстандан сыртка чыгарылып кетүүгө даярдалган. Баштапкы документтеринде автоунаалар алгач Беларуста каттоого турганы көрсөтүлгөн.  Тергөө учурунда Беларустун Ички иштер министрлигинин Мамлекекеттик автоинспекциясы аталган беш автоунааны каттоодон чыгаруу аракеттери көрүлбөгөнүн жана транспортторго импорт үчүн бажы төлөмдөрү алынбаганын билдирген. Автоунаалар катталды делген орусиялык жарандар да алардын атына автоунаалар эч качан катталбаганын айтып, документтерге кол койбогонун билдиришкен. Натыйжада автоунааларды каттоо үчүн 13 млн. 769 миң 610 сом бажы төлөмү төлөнбөгөнү такталды.”,-делет ведоство тараткан маалыматта. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу