Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Кувейтте ханзада дарга асылды

Кылмыш
26 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
692
The Washington Post гезитине шилтеме жасаган Рамблер Кувейтте башкаруучу династиянын ханзадасы Файсал Абдулла аль-Жабер аль –Сабах өлүм жазасына тартылып, 25-январда дарга асылгандыгын маалымдады. Аны менен бирге кожоюнунун 22 жаштагы кызын өлтүргөндүгү үчүн Филиппинден келген үй кызматкери, эгипеттик эки жаран, Бангладештин жана Эфиопиянын, Кувейттин жарандары - жалпысынан жети адам өлүм жазасына тартылды. Ханзада өзүнүн жакын тууганын өлтүргөндүгү жана мыйзамсыз атуучу курал алып жүргөндүгү үчүн айыпталган.
Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Кувейттин дагы бир ханзадасы Турки бин Сауд аль Кабир дарга асылган эле.
Мындай массалык дарга асуулар акыркы ирет 2013-жылы болгон, ал эми падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнөн 1977-жылдан бери өткөн жылга чейин эч ким өлүм жазасына тартылган эмес деп маалымдайт Kuwait Times басылмасы.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.