Курс НБ на 24.05.2019 $69,8500 €78,1272

Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камалды

Кылмыш
06 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
174
Бажы кызматынын мурдагы төрагасы жана Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганы кабарланууда. Мындай чечимди  Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.  Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, ага эч жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасы каралган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.