Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

“Кодогой” Кошмо штаттарга жөнөтүлдү

Кылмыш
20 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
597
Мексиканын Тышкы иштер министрлигинин кечээ, 19-январда билдиргенине караганда, мексикалык “Синалоа” наркокартелинин башчысы, “Кодогой” деген атка конгон Хоакин Гусман АКШга экстрадицияланды.

Мексиканын атактуу кылмышкерлеринин бири Хоакин Гусман кечээ күнгө чейин АКШнын чек арасына жакын турган Сьюдад-Хуарес шаарындагы түрмөдө отурган.
Ал АКШнын Техас жана Калифорния штаттарында оор кылмыштарды жасагандыгы, алардын ичинде адам өлтүрүү жана наркоо соода үчүн айыпталып камакка алынган. 2015-жылдын 12-июлуна караган түнү наркобарон Мехико штатындагы “Альтиплано” күчөтүлгөн режимдеги түрмөсүнөн өзү отурган камерадан 10 метр тереңдикте казган 1,5 чакырымдык туннел аркылуу качып кеткен. Мекситкалык аскерлер аны 2016-жылдын 8-январында гана Синалоа штатындагы Лос-Мочис шаарында колго түшүрүшкөн. 2016-жылдын май айында сот нарко баронду АКШга өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.