
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Кемпирди жулмалап сөйкөсүн чечип кетти делген жигит кармалды
Окуя 22-январда саат 17:30да Бишкек шаарынын 5-кичи районундагы көп кабатуу үйлөрдүн биринин алдында болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаран кармалды. 88 жаштагы кемпирдин сөйкөсүн чечип кетүүгө шектелген жаран Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы тургуну болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектелген жаран убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери башталды. Иликтөө учурунда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек