Курс НБ на 18.06.2018 $68,3068 €79,1608

Кечээ кыз ала качкандар кылтакка илиништи

Кылмыш
07 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
14
 Кечээ Бишкекте кыз ала качуу аракети катталган. Маалыматка караганда, окуя кечки саат 19:00 чамасында  Туризм Академиясынын жанында болгон.  Ала качуу фактысы катталганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Адыл Оморов да тастыктап,  “Маалымат бизге 19:30да келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүздүү. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 28-155-беренесине (аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) ылайык кылмыш ишин козгоду. Кызды ала качууга шектелип, 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.А жана 28 жаштагы К.К кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",- деп маалымат берди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу