Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Кара-Сууда эже-сиңдини унаа коюп качып кетти

Кылмыш
27 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
41

Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 638-чакырымында белгисиз айдоочу түндүктөн түштүктү карай жолдон өтүп бараткан бир тууган эже-сиңдини коюп кеткен. Алар 1973-жылкы Д.М. жана 1960-жылы туулган Д.М. аттуу эже-сиңди тең Өзбекстандын жарандары болгон. Айдоочу кырсык болгондон кийин окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен бир туугандардын кичүүсү каза болсо, улуусу ооруканага жеткирилген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу