Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Караколдо мектеп окуучусу сабалып каза тапты

Кылмыш
12 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
165
Караколдо №5 орто мектептин окуучусу киши колдуу болуп каза тапты. Мындай маалыматты  Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, Каракол  шаарынын ИИБине саат 08.23тө унаа базарынын жанынан кишинин сөөгү табылганы боюнча маалымат түшкөн. Маалыматка ылайык каза тапкан жарандын кыйналып өлтүрүлгөндүгүн байкашкан. Окуучу 18 жашта болгон. Ал 12-февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин ата-энеси кабарлаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.