Курс НБ на 16.07.2018 $68,2447 €79,8190

Канат Исаевге карата соттун өкүмү чыкты

Кылмыш
05 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
145

Ага ылайык, депутаттын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик кызматтарда 3 жылга чейин иштей албай турган болду. 2010-жылкы убактылуу өкмөттүн декреттик мунапысына ылайык, эл өкүлүнүн жаза мөөнөтү төрттөн бирге кыскартылды. Ошондой эле депутат жазасын күчөтүлгөн режимде өтөмөй болду. 

 

Канат Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп айыпталган. Ал ошондой эле мэриядагы жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп УКМК айып таккан. 

 

Кийин Башкы прокуратура буга чейин Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен кылмыш ишин калыбына келтирген. Иш 2010-жылы козголгон болчу.

Материалдарга караганда, Исаев Токмокто мэр болуп турган кезинде №1 борбордук китепкана системасынын Токмоктогу филиалын төмөндөтүлгөн баада жеке менчикке өткөрүп жиберген. Аталган китепкана 500 чарчы метрлик участогу менен кошо 572 миң 116 сомго сатылганы белгиленген.

Мындан тышкары, Канат Исаев массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө уланууда.


Булак: Спутник


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.