Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Кадамжайда 37 жаштагы киши бычакталып каза болду

Кылмыш
02 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
35
Кадамжай районунда эркек кишинин бычакталып каза болгон жансыз денеси табылды. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү адам кармалганын Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.

Жансыз денени жолдун четинде токтоп турган автоунаадан көргөнүн Миң-Чынар айылынын тургуну 1-октябрь күнү саат 09:00 чамасында милиция кызматкерлерине билдирген. Кадамжай РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда эркек кишинин бир нече жолу бычак сайылган денесин табышкан. Анын өздүгү такталып, 37 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталган.

Андан көп узабай Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери ошол эле айылдын 34 жаштагы тургунун оор кылмышка шектүү катары кармашты. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу