Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Ири өлчөмдө бажы төлөмүн төлөбөгөн

Кылмыш
16 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
497
Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” темир жол бажысынын ККБсынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө ири өлчөмдөгү бажы төлөмүн төлөөдөн качуунун фактысы аныкталды.  Бул КЭРден алуучу катарында “К.М.” ЖЧК дарегине  Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагына ташылып келинген, КЭРден чыгарылган товарды - 2 даана сандагы жүргүнчү лифтти бажылык тариздөө жүргүзүүдө ачыкка чыкты. Натыйжада, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы өлчөмү 144 976,46 сомду түзгөн.
Ушул факт боюнча МБКнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.
Төлөнбөгөн бажы төлөмү 1 355 437,11 сомду түзгөн
Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын ККБсынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө  КЭРден алуучу катарында “А.С.” ЖЧК дарегине  Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагына ташылып келинген, КЭРден чыгарылган товарды - 15  даана сандагы жүргүнчү лифтти бажылык тариздөө жүргүзүүдө ири өлчөмдөгү бажы төлөмүнүн төлөнбөгөндүгүнүн фактысы ачыкка чыкты. Натыйжада, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы өлчөмү1 355 437,11 сомду түзгөн.
Бул иш боюнча МБКнын тергөө бөлүмү тарабынан КР ККсынын 3-бөлүмүнүн 210-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.