Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

ИМге азгырылган Варвара Караулова 4 жылга кесилди

Кылмыш
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
490
ММУнун мурдагы студенти Варвара Караулова Тажикстандын жасалма паспорту менен Сирияга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулууга аракет жасаган. Бул тууралуу Москванын аскер соту чыгарган өкүмдө айтылат. Сот Караулованы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууга аракет жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, төрт жарым жылга түрмөгө кести. Жаза мөөнөтү 2015-жылдын 27-декабрынан тарта эсептеле баштайт.
ММУнун философия факультетинин студенти, 19 жаштагы Варвара Караулова быйыл майдын соңунда бейдарек кетип, июндун башында Түркия-Сирия чек арасынан өтмөкчү болуп жаткан орусиялык 13 адамдан турган топтун курамында кармалган. Октябрга чейин ал бул боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары өтүп келген. Иштин негизги фигуранттары аны азгырууга шектелгендер болгон. Бирок тергөөчүлөр сурактан жана анын үйүн тинтүүдөн кийин кыз "тыюу салынган топтун өкүлдөрү менен байланышын мекенине кайткандан кийин деле үзбөгөнүн" билдирген соң, 28-октябрда камакка алынган.
Москва аскер сотунун өкүмүндө айтылгандай, Караулова азгырыкчылардын таасири алдында башка динди тандаган. Студент ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышуудан баш тарткан эмес, бирок жарадарларга медициналык жардам берип иштегиси келгенин билдирген. ММУнун студенти акыркы сөзүндө соттон кечирим сурап, үйдөн качып кетүүсү чоң ката болгонун айтты. Анын билдиришинче, ИМ тобунун мүчөсү менен согушкер катары эмес сүйүктүүсү катары кат алышып жүргөн.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.