Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

“ИМ” мигранттарды азгырып турушкан

Кылмыш
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
441
“Ислам мамлекети” террордук уюму Борбор Азиядан Орусияга бараткан мигранттарды поезддерде азгырып турган. Бул тууралуу ШКУ уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев билдирди.
Анын айтымында, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын укук коргоо органдары 2015-жылы эл аралык террордук уюмдун эмиссарларынын ишине бөгөт коюшкан. Алар Казакстан аркылуу поезд менен Орусияга жол тарткан мигранттарды азгырып турушкан. Мындан тышкары террорчулар Орусияга окуу үчүн бараткан КМШ өлкөлөрүнүн студенттерин өз карамагына тартууга аракет жасашкан.  Орусия Федералдык коопсуздук комитети 2015-жылы Борбор Азиядагы кесиптештери менен бирге ар кыл террордук уюмдардын мүчөсү болгон 80ге жакын кишини кармаган. Алардын ичинен элүү адам Тажикстандан, жыйырмасы Кыргызстандан, сегизи Өзбекстандан болгон. Кармалгандардын баары тең мекендерине жөнөтүлүп, жоопкерчиликке тартылышкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.