Курс НБ на 23.07.2018 $68,2267 €79,8628

ИИМ Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы башчысын камакка алды

Кылмыш
11 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
89

Милиция кызматкерлери Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду камакка алды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Казаков аталган фондду 2017-жылдын январь айынан ноябрга чейин жетектеген.

Билдирмеге караганда, кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.

ИИМ аталган фактыга карата Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренелери (менчиктештирүү, салык, бажы жана уруксат лицензиясын берүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Казаков убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.