Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

​Эсептөө палатасы курулуш тармагындагы бир топ мыйзамсыз иштерди аныктады

Кылмыш
14 - Май 2019
www.erkintoo.kg
22
Эсептөө палатасы Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылы капиталдык оңдоого бөлүнгөн каражатты пайдаланышын текшерип,  Финансы министрлиги каражатты бөлүүдө мыйзам бузулгандыгын жана келишимде каралбаган алдын ала төлөөлөр болгондугун аныктап чыкты. Маалыматта “Капиталдык курулуш боюнча облустук башкармалыктар 97 объектиде 60 млн сомго иштин баасын жогорулатышкан. Мамлекеттик тарых музейин оңдоону долбоорлоодо сметалык документи жок, иштин суммасы жана мөөнөтү аныкталбаган компания тандалган. 562,6 миң еврого музейдин концепциясына туура келбеген жабдыктар коюлган. Сырттан алып келинген материалдар Кыргызстандагы баадан 3,8 млн сомго жогору баада келген”,-деп айтылат. Учурда бул иштер  боюнча материалдар күч органдарына өткөрүлүп берилди. .


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу